Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 966 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 66 бейтап бул инфекциянын айынан каза болсо, 682 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында 2 миң 612;
Москва облусунда 605;
Санкт-Петербург шаарында 215;
Мурманск облусунда 193 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусияда коронавирус инфекциясы аныкталгандардын жалпы саны 74 миң 588 адамды түздү. 681 адам бул инфекциядан каза болсо, 6 миң 250 бейтап айыгып чыкты.