Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония диагнозу менен президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын оорукананын "кызыл зонасында" дарыланып жатканы маалымдалган. Бүгүн, 9-июлга карата Атамбаевдин абалы канааттандырарлык экенин УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыкты.
"Дарыгерлердин консилиуму өтүп, Атамбаевди УКМКнын тергөө изоляторуна которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - деп айтылат маалыматта.
Өлкө боюнча бүгүнкү күнгө карата пневмониядан 310 жаран каза болсо, коронавирус инфекциясынан 116 бейтап көз жумган.