12-апрелге карата коменданттык саат учурунда жалпы 95 жаран тартип бузуп кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат (Ош облусу), Сузак районунда (Жалал-Абад) коменданттык саатта тартип бузуп, аймактык укук коргоо органдарына жалпы 95 адам жеткирилип, 8 автоунаа айып короосуна коюлду. Анын арасында: Бишкекте - 66; Ош шаарында – 5; Жалал-Абад шаарында – 8; Сузак районунда - 16 адам катталды. Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузгандар болгон жок. Кармалгандардын баары менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, коменданттык саат бүткөн соң үйлөрүнө жиберилди. Өлкөнүн аталган аймактарына өзгөчө абал режими киргизилген 25-марттан тартып тартип бузгандардын жалпы саны 2 миң 384кө жетти.