Орусияда коронавирустан сутка ичинде 121 бейтап каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 110 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 121 адам каза болсо, 5 миң 812 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус нфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 692 (айыккандар 1196);

Санкт-Петербург шаарында - 193 (айыккандар 101);

Москва облусунда - 164 (айыккандар 125);

Нижегород облусунда - 145 (айыккандар 119) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 15 миң 105 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 17 миң 649у каза болсо, 832 миң 747си айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан