Орусиянын Тула облустук клиникалык ооруканасынын медайымы бейтаптардын арасына купальниктин сыртынан коргоочу кийимди кийип кирген. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, медайым коргонуучу кийимден ысып кеткен. Ошондуктан купальниктин үстүнөн эле коргонуучу форманы кийип алууну туура көргөн. Тез арада "интернет жылдызына" айланган медайым ич кийими көрүнүп каларын билген эместигин айткан. Кызыгы, анын өзгөчө "стилине" бир да бейтап нааразы болуп, арызданган эмес.
Жергиликтүү Саламаттыкты сактоо министрлиги медайымга эскертүү берип, бардык медицина кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Мындан ары кызматкерлердин коргоочу кийимди, жеке коргонуучу каражаттарды колдонуусун тыкыр көзөмөлгө алмай болушкан.