Вьетнам дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп футбол оюндарын көрүүчүлөр менен жандандырды

Вьетнамда коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган убактылуу тыныгуудан кийин футбол сезону улантылды. Ошол эле учурда Вьетнам башка өлкөлөрдөн айырмаланып, футболго көрүүчүлөрдүн катышуусуна тыюу салган жок.

Тыныгуудан кийинки биринчи оюн Улуттук Кубоктун 1/16 финалынын алкагында "Нам Дин" жана "Хоангань Зялай" командаларынын ортосунда болду. Оюн эсеби 2:0 болуп, талаа ээлери "Нам Дин" командасынын жеңиши менен аяктады.

Муну менен Вьетнам өлкөсү дүйнөдө биринчилерден болуп спорттук иш-чараларды көрүүчүлөр менен өткөргөнгө уруксат берген биринчи өлкө болду. Европа өлкөлөрүнөн Германияда футбол сезону көрүүчүлөрсүз жанданган. Ал эми Орусияда футбол 21-июнда улантылат.

Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 326 адамдан аныкталса, анын ичинен 272си айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан