Бүгүн, 15-мартка карата Өзбекстанда коронавирус биринчи жолу катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары санитардык-эпидемиологиялык агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Коронавирус аныкталган жаран жакында эле Франциядан келген. Анын коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы бүгүн эртең менен чыгып, вирустун белгилери бар экени аныкталды.
Учурда коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө деп айтылат маалыматта.