Коңшу Казакстанда акыркы бир сутка ичинде 1 миң 708 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Бир суткада 1 миң 708 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 698 адамда вирустун симптомдору бар болсо, 1010у вирустун симптому жок алып жүрүүчүлөр. Вирус көбүрөөк аныкталган аймактар: Атырау облусунда (243), Алма-Атада (223) жана Батыш Казакстан облусунда (154) калгандары башка аймактардан катталды", - деп жазылат маалыматта.
Казакстанда жалпы 56 миң 455 адам коронавирус инфекциясына кабылды. 32 миң 500 бейтап оорудан сакайса, тилекке каршы 264 адам каза болду.