Бишкек шаарында түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл алганына 2 күн болду. Бул күн аралыгында медициналык жайдан 2 киши каза болгонун шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, түнкү стационарлар 2 суткада 638 жаранды кабыл алган. Анын ичинен 282 бейтапка ийне жана тамчылатма дары саюу кызматтары көрсөтүлсө, 397 жаранга медициналык кеңеш берилип, 2 бейтап ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы 2 жаран кайтыш болду.