"Унаа алдым эле, эмне кылам? Бензин куюп айда". Түркүн суроого ойго келбеген жооп тапкан дин аалымы Чубак Жалиловдун тамашалуу, учкул сөздөрү

Кечээ, 11-июлда экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Кыргыз эли мындай оор жоготуудан кабыргасы кайышып турган чагы. Аалым көзү тирүүсүндө гезит, радио уктуруу жана теле көрсөтүү аркылуу элдин узаткан ар бир суроосуна жооп тапчу. Анын тапкычтыгына таң калгандар, тамашакөйлүгүнө тамшангандар, илимине суктангандар көп эле.

SUPER.KG порталы аалымдын бир канча жоопторун, учкул сөздөрүн тизмектеп чыкты.

Ажы айтып кеткен учкул сөздөр

- Үй-бүлөдөгү укуктарды, милдеттерди так жана даана ажыратып билип алышыбыз керек.

- Кечиримдүү болгула, ырайым кылгыла, мээрим кылгыла. Аллах таалам ырайымдууларды жакшы көрөт.

- Илим жөндөн жөн жоголбойт, аалымдардын кетүүсү менен жоголот.

- Жашоонун маңызы өмүрдүн узундугунда эмес, ошол бир келген өмүргө берген убакытты кандай пайдалангандыкта турат.

- Дөөлөттүү карылык, мээнеттүү жаштык берсин.

- Эркектин бактылуулугу анын тапкан тыйынында же ден соолугунда эмес, балким, анын үйлөнгөн жубайында.

- Жамандыкты көрбөй калганды үйрөнсөк, жамандардын айыбын жашырганды үйрөнсөк, ошондо жакшылырдын катарына кошулган болобуз.

- Аллах тааланын каргышына калуу - бүткүл жамандыктын баарына жетүү.

Ажынын узатылган суроолорго берген жооптору

- Көп учурда бардык нерселерге нааразы боло берем. Ушул адатты кантип калтырса болот?
- Ыраазы болуп баштасаңыз...

- Мен сиз үчүн Фейсбукта теңирчилер менен дайыма согушам...
- Ушунун кереги жок. Ыраазымын. Ит үрө берет, кербен жүрө берет.

- Аялымды "намаз окубасаң, экинчи аял алам" деп коркутсам болобу?
- Этият кылып, коркут. Анан коркутуп жатып өзү коркуп калган окуялар болуп калар эле...

- Унаа алдым эле, эмне кылам?
- Бензин куюп айда.

- Сиз апаңызды сагындыңыз, азыр жаныңызда болсо эмне дейт элеңиз?
- Апа дейт элем апама.

- Өзүм түштүктөн болом. Ата-энем бишкектик кызга үйлөн деп жатышат. Ал кыз макул болбой жатат. Эмне кылайын?
- Жок, кыз макул болбосо, кантип үйлөнөсүң? Көөнүн ал. Түндүк-түштүк маселеси бул көңүлгө ала турган жагдай.

- Чачты күйгүзүп боёсо болобу?
- Эми ошентип күйөөсүнө жагынып жатса болот. Бирок чачка зыян. Негизи боёсо боло берет.

- Ислам университетинде окуйм, андан тышкары түрк тилин үйрөнсөмбү деп жатам. Же араб тилин эле жакшылап окуй берейинби?
- Сен биринчи кыргызчаны жакшылап үйрөнбөйсүңбү (ред. суроодо каталар көп экенин көрүп)? Мына бир жеринде чекит жок, экинчи катасы сызыкча жок. Грамматикалык каталары да турат. Сен биринчи кыргызча оку.

- Мен 9 жана 21 деген санды жаман көрөм. Ошол цифралар саатты караганда көп кездеше берет, көргөн сайын корко берем. Эмне кылсам болот?
- Тобо кылайын. Жаман көрсөң, көзүңдү жуумп ал. Өтүп кетет.

- Шыпыргыны тикесинен коюп койсо эмне болот?
- Алганга ыңгайлуу болот.

- Кыз менен өбүшсөм, дааратым бузулабы?
- Бузула турган кылып өбүшсөң бузулат, бузулбай кылып туруп өбүшсөң бузулбайт. Бирок баары бир даарат арам болот.

- Күнөөдөн арылуу үчүн эмне кылыш керек?
- Тобо кыла бер.

- Биринчи аялыма, ата-энеме айтпай, экинчи аялга нике кыйдырып алсам болобу?
- Эркек болсоң, айтып үйлөн. Айтканга духуң жетсе, экинчи аялды карай аласың. Болбосо, биринчи аялың билип калса, анда экинчинин этегине кирип кетесиң.

- Көзү ачыктарга жолун ачтырса болобу?
- Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү самсаалап базарларда отурушат...

- Адам каза болсо туулган жерине көмүш керекпи?
- Ооба, туулган жерине көмүш керек. Өрттөп, күлүн асманга же деңизге сапырып жибербеш керек.

- «Соодам жакшы болсун» деп айрымдар магнитке дуба окутуп, дүкөнүнө илип коюшат. Күнөөбү?
- Алда бир тууганым, а-ай! Магниттин сооданы жүргүзгөнгө кудурети жок. «Ушинтсем акчам көп болот» деп ишенүүнүн өзү күнөө. Кудайдан гана сурап дуба кылуу кажет.

- Суу жээгинде олтуруп, тесме чалып жатканда сууга түшүп кетсе эмне кылуу керек?
- Чулп деп үн чыгат.

- Устазды урмат кылуу, зыярат кылуу тууралуу билсек болобу?
- "Устаз келип кетиңиз" деп кээ бирөөлөр чакырат. Барсам, төргө чыгарат. Отургандын баары жейт, а сага суроо бере беришет, өздөрү жей беришет. Эмне деген урмат бул? Эми эле жооп берип бүтүп, жейин десең, дагы бирөө тамакка оозун толтуруп алып суроо берет. Тамакка чакырсаң, ал жерде суроо бербе. Ачык айтсаң, капа болушат.

Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду
Экс-муфтий Чубак Жалиловдун эл суктанган тамашакөйлүгү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Majit1975
2020-07-12 15:48:02
Эх ажыке жаткан жериңиз жайлуу болсун
+28
XAN-TORO
2020-07-12 15:55:05
Даарат арам болбойт обушуу арам болот
-21
ulanbek2000
2020-07-13 00:21:49
XAN-TORO,тим эле кыйрата билет экенсиң.
+2
Aquarius84
2020-07-12 15:58:30
Ата энеден укпаган накыл сөздөрү сизден укчу элек. Канча деген жаштар сиз аркылуу динге келди десем жаңылбасам керек. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Аллах бейишинен орун берсин сизге. Дагы деле сизден айрылып калганыбызга ишенбей турам.
+30
Agayu
2020-07-12 17:27:36
Казактарды жакшы мактайт болчу , Казак туугандарды карагыла сонун маанилүү суроолорду берет деп .Сөздү туура эмес жазган адамдарды аябай оңдочу .
Бир киши суроо берди , мен аялыма айтпай катын алсам адашпаймбы десе , сен сурооңдогу жазуулардан адашыпсың, уже адашканын ошо десе элдер эзилип калыптыр.
+14
Dushabolna
2020-07-12 18:01:45
Сууга тушуп кетсе чулп деп ун чыгат дейт го. Эх Чубак ажы сизди сагынабыз
+12
daniel87
2020-07-12 18:52:56
Акам жайыныз жанаттан болсун,бугун бир да жолу алыста болуп сабагынызга же жакын келип учураша албай калганыма чындап окундум, окунучтуу....
+9
ilgizk
2020-07-12 18:53:07
Чубак ажы эрте кеттиңиз ,дагы канча сөздөрүңүз өзүңүз менен кошо кетти ,сиздин кадырынызга кыргыз эли эми жетет.
+9
katerina.li
2020-07-12 20:26:45
Суроо депеле бере бергендер болот экен да. Акыркы жооп жакшы болуптур.
-3
Safiya91
2020-07-12 23:50:42
Менде эки кундон бери ой пайда болду ушул 11-июль каза болгон кунун Бир жакшы кун деп белгилеп койсок жакшы болот беле. Мисалы Куран айтуу куну же ушул исламга тиешелуу Бир кун кечирим суроо ж.б
0
Nursul
2020-07-13 09:05:31
Алда устазым ай жүрөктү сыздаттынызго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан