Дональд Трамп коронавирус башталгандан бери биринчи жолу бет кап кийди

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясы башталгандан бери биринчи жолу эл көзүнө бет кап кийди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ал кечээ, 11-июлда Вашингтондун ооруканаларынын бирине согуштук аракеттер жүргөн аймактарда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалын көрүүгө барган. Трамп четинде президенттин мөөрү түшүрүлгөн көк түстүү бет кап кийген.

"Бет кап кийген жакшы экен. Мен эч качан бет капка каршы чыккан эмесмин. Бирок бардык иштин өз убактысы жана орду бар", - деген ал.

Коронавирус илдети башталгандан бери бет капты массалык түрдө тагынуу түрдүү талаштарды жараткан. Убакыттын өтүшү менен ооруну жуктуруп албоодо бет каптын пайдасы бар экенине көпчүлүк ынанды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Milduri
2020-07-12 20:14:37
Абдан жакшы
0
Paol
2020-07-12 22:33:25
Бизге окшоп эээми ишенген го
+1
aerforce
2020-07-13 01:00:18
Булар ваксинасын эчак эле алып алган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан