Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Орусиянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко Орусиядан келген гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Вице-премьер Аида Исмаилова орусиялык тарапка үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан көмөк үчүн ыраазычылык билдирди.
"Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын президенттери ортосундагы жетишилген макулдашуулар алкагында, орусиялык тараптан гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы жеткирилди. Бул биздин эки өлкө ортосундагы бир туугандык, стратегиялык жана союздук мамилелердин далили болуп саналат. Бүгүнкү гуманитардык жардам абдан зарыл эсептелген медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан турат. Алар өлкөнүн медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет. Учурдагы татаал эпидемиялык кырдаалда биздин дарыгерлер өз өмүрүн коопсуздукка салуу менен мекендештерибиздин өмүрүн баатырларча сактап калууда. Ушул каармандарыбыздын катарында орусиялык дарыгерлердин тургандыгы бизди өзгөчө кубандырат", - деди вице-премьер.
Өз кезегинде Николай Удовиченко белгилегендей, алып келинген медициналык гуманитардык жардам биринчи кезекте оор абалдагы бейтаптарды дарылоого багытталган.
"Биргелешкен күч-аракет аркылуу коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо абалын жакшырта аларыбызга ишеним билдирем. Жөнөтүлгөн гуманитардык жардам – бул түзүлгөн кырдаалда ыктыярдуу түрдө жасалган кадыресе кадам болуп саналат. Көрсөтүлгөн жардамыбыз керекке жарап берет деген ишеничтемин", - деди Николай Удовиченко.
Гуманитардык жардам медициналык жабдуулардан, дары-дармек каражаттарынан жана жеке коргонуу каражаттарынан турат. Мындан тышкары, өткөн аптада өлкөгө Орусиядан дарыгер жана медкызматкерлерден турган чоң топ келген.
Орусиялык адистер өлкө аймагында жайгашкан медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөн. Учурда алар Кыргыз өлкөсүндөгү кесиптештерине көмөк көрсөтүүдө.