Бүгүн, 29-мартта Кыргыз өлкөсүндө дагы 26 адамдан коронавирус аныкталып, өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 84кө жетти. Алардын арасында Чүй облусунун эки тургуну бар экени аныкталды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы жабырлануучулардын экөө 12-мартта Дубайдан келгенин билдирди.
"Вирус аныкталгандардын экөө Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын тургундары болушат. Алар буга чейин үй карантининде болушуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. Ата, баладан кайрадан анализ алынып, 28-мартта вирус бар деп чыкты. Учурда үй-бүлө толугу менен карантинге алынды", - дейт мекеменин басма сөз катчысы.