Коңшу Өзбекстанда коронавирус илдетине бир суткада 487 адам кабылды. Бул жөнүндө өлкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.
Анда жазылган маалыматка караганда, бир суткада 487 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталган. Муну менен аталган өлкөдө жалпы 13 миң 193 адам вируска кабылса, 7 миң 852 оорудан сакайган, тилекке каршы 61 адам кайтыш болгон.
Өзбекстанда алгачкы жолу коронавирус илдети 15-мартта катталган.