Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 30-апрелге карата өлкөдөгү коронавирус боюнча абалды айтып жатат. Айтымында, дагы 17 адамдан аталган оору аныкталган.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 3;
Ош шаары – 1;
Ош облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1;
Чүй облусу – 9;
Нарын облусу – 1.
Муну менен бул оору өлкөгө келгенден бери аны жуктуруп алгандардын жалпы саны 746га жетти. Анын ичинен 462 бейтап оорудан айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.