13-июлга карата Бишкектеги күндүзгү стационарлар 27 миң 169 жаранды кабыл алды. Бул тууралуу шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова жазды.
"20 миң 317 адам тамчылатма дары алса, 6 миң 687 адам медицина кызматкерлеринен консультация алышкан. Ал эми 156 адам стационарга жаткырылды. Бактыга жараша бир дагы адамды жоготкон жокпуз", - деп жазылат билдирүүдө.