Бишкекке Новосибирсктен 205 Кыргыз жараны кайтып келди

Бүгүн, 16-июлда "Сибирь аба каттамдары" компаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен Орусиядан 205 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси өлкөгө кайтууга муктаж болгон жарандардын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балалуу аялдар, улгайган жарандар, операция жасаткандар, Орусиянын Сибир федералдык округундагы жогорку окуу жайларында окуган студенттер бар.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү багыттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан