Бүгүн Таласта коронавирус аныкталган адамдардын саны 81 эмес, 8 экени белгилүү болду

Бүгүн, 16-июлга карата өлкөдө дагы 521 адамдан коронавирус аныкталды. Анда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде Талас облусунда 81 адам коронавирус жуктуруп алганын айткан. Республикалык штабдан да Талас боюнча статистика 81 деп таратылган.

SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканда, жогорудагы маалыматта катачылык кеткенин айтышып, Талас облусунда 81 эмес, 8 адамдан коронавирус аныкталган деп билдиришти.

Таласта бир сутка ичинде 81 эмес, 8 адамдан коронавирус аныкталганы белгилүү болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
akmanai
2020-07-16 11:28:38
81деп окуп журогум тушту болчу.
0
Jyldyz
2020-07-16 11:36:46
Айнура Акматова брифингде 8 деп эле айтты ботом.
-4
Эльвира Караева
2020-07-16 11:41:17
Jyldyz, кыргызча бөлүгүндө 8, орусча бөлүгүндө 81 деп айткан Акматова. Штабдан маалымат 81 деп таратылган. Ошон үчүн маалымат такталып, түзөтүү киргизилди.
+3
Jyldyz
2020-07-16 11:57:23
Эльвира Караева,ырахмат тактоо түзөтүүлөргө. Кыйын кырдаалда маалымат дагы адамды паникага алдыртып коет экен.

Кыргызча 8 деди, орусча 81 деди, орусчасы туура окшойт деп жазывийдиңер анан

Штаб жөнөткөн 7 облустан чыккандардын санын кошуп, жалпы санга туура келеби текшерип көрүп анан жазып жүргүлөчү сураныч.

копи пейст кыла салбай, саль текшерип көрүп.

элдин жүрөгүнүн үшүн албай.

0
Эльвира Караева
2020-07-16 12:42:05
Jyldyz, кеңешиңизди эске ала жүрөбүз. Рахмат!
+1
Jyldyz
2020-07-16 11:37:40
клавиатураны тыпылдаткан бирөө 8 дин жанына 1 ди кошуп алып таластыктарды давлена кылып өлтүрмөй болду
0
katerina.li
2020-07-16 12:01:34
Ой сегизден коп.уймо уй ооруп атышат ко. Ото катууларын Бишкеке алып кетишип атат. Скорая келбейт,врачтар келбейт анан кайдан билишет канча киши ооруп атышканын
+2
Shef87
2020-07-16 12:07:59
Сөөктө тил жок
+1
arawan
2020-07-16 16:25:53
Ишенген эмесмин да не эле сандар мн ойноп жатасынар
0
bond02
2020-07-16 17:30:20
Айнура баягы куну ыйлаган аялбы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан