Эл аралык жана ички аба каттамдары жакын арада ачылбай тургандыгы айтылды

Бүгүн, 29-апрель күнү өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри жана республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов өлкөдөгү абал тууралуу маалымат жыйын берди. Жыйын учурунда элден аэропорттор, авиакаттамдардын качан ишке кире тургандыгы тууралуу суроо узатылды.

"Бул маселе жакында чечилет деп үмүттөнүп жатабыз. Өзүӊүздөр билгендей, эл аралык каттамдардын ачылышы бизден гана эмес, ошондой эле каттам калыбына келе турчу өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Биздин коӊшу мамлекеттерибизде дагы абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар.

Ал эми ички каттамдар боюнча, жакынкы күндөрү аларды ачуу пландалган эмес. Бул тууралуу айтуу азырынча эрте”, -
деп жооп берди Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usow
2020-04-29 17:27:05
Ички каттамдарды ачып койсо боло
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан