ЕККУ: "Өзгөчө абал учурунда көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөө туура эмес"

ЕККУнун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргыз өлкөсүндөгү көз карандысыз ЖМКлардын өзгөчө абал учурунда ишинин чектелиши боюнча өз оюн билдирди.

Арлем Дезирдин айтымында, журналисттер өзгөчө абал учурунда эч кандай тоскоолдуксуз иш алып баруусу зарыл. Өлкө башчысынын бул боюнча берген көрсөтмөлөрүнө карабастан, маселе ошол эле чечилбеген бойдон калууда.

30-марттан тартып Кыргыз өлкөсүнүн медиа коомчулугу Бишкек шаарынын комендантынан мыйзамга ылайык журналисттер үчүн атайын аккредитацияны уюштурууну талап кылып келишет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан