Бишкекте коронавирус инфекциясынан дарыгер-инфекционист Шайназар Закиров көз жумду

Бүгүн, 17-июлда Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча дарыгери Закиров Шайназар Абдукаримович коронавирус инфекциясынан көз жумду. Ал 53 жашта болгон, артында жубайы жана үч баласы калды. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жалпы кызматкерлеринин атынан Шайназар Абдукаримовичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - дешти мекемеден.

Закиров Шайназар Абдукаримович 1966-жылы 28-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айылында төрөлгөн.

1987-жылы мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, институтту аяктаган соң, окуу жайдын балдар жугуштуу оорулары кафедрасында интернатураны аяктаган.

1996-жылы Ош облусундагы Кара-Суу борбордук аймактык ооруканасында педиатр болуп иштей баштаган.

2012-жылдан тарта Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жугуштуу оорулардын врачы болуп бүгүнкү күнгө чейин иштеген.

2020-жылдын март айынан баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча өлкөнүн түштүк аймагына жөнөтүлгөн.

2020-жылдын июнь айынан баштап Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жугуштуу оорулардын дарыгери болуп иштеген.

Закиров Шайназар Абдукаримович бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Шайназар Закировдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-07-18 04:21:57
Жаткан жери жайлуу болсун! Эл учун иштеп каза болду. Бейиштен орун берсин Аллахым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан