Ала-Бука районунда 15 медицина кызматкерлери обсервацияга жаткырылды

Азыркы кезде Ала-Бука районунда 15 медицина кызматкерлери обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, нөөмөтү бүткөн соң, медицина кызматкерлери 14 күнгө обочолонгон обсервацияга жайгаштырылат, андан кийин алардан кайрадан анализ алынат.

Бүгүн, 4-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда өлкөдө 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алгандыгын айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talant87
2020-04-04 14:52:16
Ошондо дагын барбы Алабукада кудай сактасынчы элибизди
0
modem4999
2020-04-04 14:57:16
Эми элди ким дарылайт
0
Chungyz
2020-04-04 15:33:39
жок булар оз иштерин бутуруптур ошого оздору да жатыптыр сак болуп чыкса иштерин уланата берет же уйуно барат
+7
muras111211
2020-04-04 15:42:43
Түшүнүп түшүнбөй эле жазыштын кереги жок .
Булар коронавирус жугузган пациенттерди дарылашты,аларды чыгарды.
Эми өздөрү обсервацияга 14кунго кармалат.
Анализдин жыйынтыгы менен кайрадан иштерин улантышат.
+4
baku24
2020-04-04 15:42:59
Бул даарыгерлердин коопсуздугу учун. Ала букадагылар сакайып чыгышты. Булар ошолорду караган медиктер
+1
talant87
2020-04-04 16:25:31
5 дарыгерден чыкты деди элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан