Муз үстүндө бийлөө боюнча олимпиада чемпиону Олег Васильев коронавирус оорусун жуктуруп алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 60 жаштагы олимпиада чемпиону үй-бүлөсү менен чогуу Швейцарияга барып келгенден кийин коронавируска шектелип, тест тапшырган. Жыйынтыгында өзүнөн жана экинчи баласынын коронавирус аныкталган. Олег Васильев учурда экинчи жолу тест тапшырып, үй-бүлөсү менен чогуу өзүнүн үйүндө тесттин жообун күтүп жатышат.
Маалыматка ылайык, Олег Васильев муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнөнүн жана Европанын үч жолку чемпиону. 1984-жылы Босния жана Герцоговина мамлекетинин борбору Сараево шаарында өткөн кышкы олимпиада оюндарында алтын медалга татыган.