Түркия Кыргыз өлкөсүнөн коронавирус аныкталган 4 жаранын атайын тез жардам учагы менен алып кетти

Түркия Кыргыз өлкөсүнөн коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткан 4 жаранын атайын тез жардам учагы менен алып кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган учак менен коронавирус инфекциясы аныкталган 51 жаштагы Бурханеттин Ч., 55 жаштагы Исмаил Ш., 47 жаштагы Мехмет Йылмаз жана 39 жаштагы Рамазан Оздемир Түркиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин тез жардам учагы менен бүгүн, 17-июлда Стамбулга конду.

Инфекция жуктуруп алган жарандар мекенинде дарыланууга жардам берүү өтүнүчү менен Түркия бийлигине кайрылышкан. Бейтаптарды аэропорттон тосуп алышып, "Тез жардам" унаасы менен шаардагы ооруканаларга алып кетишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AdylbekB84
2020-07-17 16:54:56
Түрктөр кыйын бизде самолёт эмес вертолётубуз жок медицинадабызда!
+3
PROS
2020-07-18 05:19:56
AdylbekB84, медицина бул жакта турсун, армиябызда вертолетубуз жок!
+1
al-abu-kinesz
2020-07-17 17:28:31
Башка улуттун бийлигин биздикине салыштыра берип жаман создор болушунча айтылды, же реакция жок, же аракет жок, балык болуп эле калбаптыр ушу бийлик. Жок дегенде кууруп жегенге
+7
dangerouskg94
2020-07-17 20:59:56
Бизде вертолет эмес нормальный скорый машина, жокго жалан эски калхоздун уаздары
+3
Dushabolna
2020-07-17 22:29:53
Булар бизге ишенбей алып Кетти да. Кучтуу мамлекет бросок даарылашат деп алып кетпесе кк эле
+2
bekhaliev
2020-07-17 23:56:31
Dushabolna,туура айтасын туркчолоп чурки дедида
+2
rola
2020-07-18 22:14:36
Тез жардам самалету келип алып кетсе,ар бир адам баалуу аларга.Бизде тез жардам унаасы бир жерден экинчи жерге нормальный бара албай ататго бузулуп.Чет жактагы эмес мамлекеттеги ооруган адамдарга жетишпей атышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан