18-августта "Ош" эл аралык аэропорту "Сибирь (S7)" авиакомпаниясынын Новосибирск-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орусиядан 181 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн. Ага кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасаткандар, депортацияланган жарандар жана Сибир ЖОЖдорунда окуган студенттери киргизилген. Бул каттам менен Кыргыз жарандары Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Владивосток, Петропавловск-Камчат, Якутск ошондой эле Сибир Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.