Бүгүн, 18-декабрга карата республикада COVID-19 жана пневмония илдети дагы 40 адамдан аныкталды. Соңку 24 саат аралыгында Нарын, Баткен облустарынын тургундарынан инфекцияны жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек шаары – 21;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 7.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматы боюнча, коронавирус илдети өлкөдө катталган күндөн тарта жалпы 184 миң 163 адам жабыркады.