"Жайында тумоо болгон адамды көрдүңөр беле? Жок. Бул вирус". Балбак Түлөбаев шаар тургундарына кайрылды

Бүгүн, 25-июнда Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев шаардагы учурдагы абал боюнча онлайн маалымат жыйын берди. Анда ал Бишкек шаарында абал курч болуп жатканын айтып, шаар тургундарына кайрылды.

"Коронавирус илдети азыр биздин жаныбызда, кошунабызда, ар кайсы жерде. Ошондуктан биз бүгүн тарыхый антирекордду көрдүк. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Сиздерден суранабыз. Акыбал оор болбосо өзүңөрдү карап, сабырдуулук менен мамиле кылганга өтүңүздөр.

Өзүңүздөр ойлосоңуздар, жай мезгилинде кайдагы сасык тумоо? Жайында сасык тумоо болбойт, бул вирус. Силер биздин өкмөттүн, медиктердин айтканын уккан жоксуздар. Ошондуктан вирусту жайылтып алдык",
- деди Түлөбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Sakura715
2020-06-25 18:00:49
Мен вируска ишенем,бирок жайкы грипп илгертен болуп келген,анан да оорураак болот
-3
gul3ina
2020-06-25 18:08:22
Жайында кайдагы грипп дейт го жайкысын деле грипп болуп келгенбиз.Негизи бул вирус барына мен ишенем
+9
Eramir
2020-06-25 18:09:51
Мен жылда эле жайкысын грипп болуп ооруп калам. Бирок вирус барына ишенем...
+7
Gospozhatsetok
2020-06-25 18:14:13
Кудай сактасын анчалык паника кыла турган оору эмес экенин эл деле билип бутту.
+7
interpol
2020-06-25 18:19:05
Корконго кош көрүнөт боло бербегилечи .
Бул ошол сен айтып аткан грип сыяктуу эле өтөт. Биз болуп өттүк го башыбыздан өткөрдүк.
Эээээч бир коркунуч жарата турган эмес. Дагы айтам эч бир коркунуч жарата турган оору эмес. Именно ошол сен айтып аткан вирустан бирда адам өлгөн жок.
-3
NURSAPAR
2020-06-25 18:33:22
Ким айтты жайда грипп жок деп. Илгертен эле бар го.
+10
Adi010891
2020-06-25 18:46:06
NURSAPAR,Бул тантып калыптыр, конул бурбай элегой тууган. Мен жылда жайында грипп болом
+7
kuttubekuzgen
2020-06-25 21:11:14
NURSAPAR,жайында грипп болбойт сен шамалдап ооруп калсан грипп деп ойлоп журосунго.
+1
Bars88
2020-06-25 19:03:01
Балбак балп эте бербе.Жайында тердеген киши шамалдап калса грипп болот да
+4
kuttubekuzgen
2020-06-25 21:14:16
Bars88,э апенди тердеген киши шамалдап калса суук тийген болот, сен грипп менен алмаштырба грипп жугуштуу вирус оорусу, жайында болбойт кузундо суук тушкондо башталат кун ысыганда жоголот.
-2
Bars88
2020-06-26 04:48:19
kuttubekuzgen,Сен дагы эшек экенсин да балбака окшогон грип суукта болом деп айтыбы сага.Же ###### ачыкпы оруу менен суйлошкудой
-1
Nur777
2020-06-26 05:28:13
Bars88,эшек пешек дебей эле суйлосо болбойбу?!Малдан томон денгээлинди корсотуп...
0
assanov97
2020-06-25 19:03:05
Мен грипп болуп жатам анда бул вируспу
+3
assanov97
2020-06-25 19:03:40
2 кун болду. Бугун температурам кичине которулгондой болуп жатат
0
assanov97
2020-06-25 19:03:58
Тамагымда оруватат
0
Agayu
2020-06-25 19:07:14
Мен да жай мезгили ооруп калам кез кезде, кышкысынан караганда жайкысы оор болот.Бул вирус бар , жок эмес .Балбак брат калпты аз суйлонуз!!!!
+6
kuttubekuzgen
2020-06-25 21:09:24
Ай кыргызым ушул жерден дагы сабатсыз экенибизди коргозуп жатабыз! Грипп жайында болбойт жана болгон дагы эмес, силер шамалдап суук тийип калганды грипп менен алмаштырып жатасынар, грипп бул жугуштуу оору. А сен жайында ысып мыздак сууга жуунуп ооруп калганын ал грипп эмес апенди ал суук тийгени сага.
-3
gul3ina
2020-06-25 23:10:12
kuttubekuzgen,элдин баарын апенди кылып салдың го өзүң апендисиң
+1
Aika1988
2020-06-25 21:41:59
Бул вирус жокто деле мен жылда жайында грипп болом тамагым ооруп..Кудай сактасын азыр деле грипп жүрүп жатат го.
-1
Samatalibei
2020-06-25 21:51:26
Эл силерди угуп отургудай баары жетиштуу беле! Эл вирус бар экенин коркунучтуу экенин силерден жакшы билип бутту. Уй булоону багуу керек ач калса силер бакбайсынарда. Ошон учун вирус кызыктырбай калды.
0
Azamat6
2020-06-26 14:41:57
Балбак емесле бульдокго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан