Соңку 24 саат аралыгында коронавирус инфекциясы дагы 5 адамдын өмүрүн алды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, көз жумгандардын экөө Бишкекте, ал эми Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүйдө бирден катталды.
Өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн бери 2 миң 494 адам каза болду.