Бүгүн, 20-июлдан баштап Азербайжанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дагы 2 апта күчөтүлгөн карантин узартылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, карантин чараларынын күчөтүлүшү дагы 2 аптага, тагыраагы, 14 күнгө узартылышына коронавирус инфекциясынын таралышы себеп болгон.
Катуу карантин чаралары Азербайжандын Баку, Сумгайыт, Лянкяран, Мингячевир, Евлах, Жалилабад, Гянджа, Масаллы, Абшеронск, Геранбойск, Гёйгёльск, Барда, Хачмаз, Самухск, Сиязанск жана Шеки райондорунда улантылмакчы.
Азербайжанда коронавирус илдетине 27 миң 521 адам кабылса, 18 миң 967 бейтап оорудан айыккан. 354 адам тилекке каршы, каза болгон.