Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 51 миллион 969 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.
Боронов коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке ишкерлерден жана жарандардан акча каражаттары түшүп жатканын белгилеп өттү.
"Ал каражаттарды бөлүштүрүү маселесин чечүү үчүн атайын комиссия түзүлүүдө. Ага жарандык коом, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары кирип жатат. Келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү ачык-айкын болот", - деп билдирди Боронов онлайн жыйын учурунда.
Аны менен бирге ал атайын эсепке канча каражат кимден түшкөнүн көрсөтүү үчүн атайын сайт иштелип чыкканын, ал жактан баарын көрүп, жооп алуу мүмкүн экенин айтты.