Коңшу Казакстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 1 миң 499 адамдан тастыкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, жаңы катталган 1миң 499 адамдын 793үндө вирустун симптомдору бар болсо, 706сында оорунун симптомдору жок болгон.
Казакстанда жалпы 71 миң 838 адам коронавируска кабылган. Алардын ичинен 43 миң 29 бейтап оорудун сакайса, 464 адам тилекке каршы, оорунун айынан көз жумду.