Кыргыз өлкөсүндө коменданттык саатта 150 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин маалыматы боюнча Бишкек шаарында 115 жаран кармалды. Ал эми Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйынында Бишкекте 119 адам кармалганын айткан. Ошто - 15, Жалал-Абадда - 8, Сузак, Ноокат райондорунда бирден жаран кармалса, Кара-Сууда 10 киши кармалды.
Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.
Жалпысынан алганда 4 күндүн ичинде өлкө аймагында 939 жаран кармалган.