Чүйдө коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 27 жаштагы жаран кармалды

Чүйдө коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 27 жаштагы айым кармалды. Ал мессенжер аркылуу "Ысык-Ата районундагы Ивановка айылына коронавирус менен жабыркаган жарандарды алып келишүүдө" деген билдирүү таратканын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө билдирүү тараткан делинип 27 жаштагы Н.Н. кармалды. Ал аталган аймактагы ооруканада тиш доктур болуп иштей турганы аныкталды.

Кармалган жаран эжесине туура эмес маалымат жиберип алганын, билдирүү андан ары эжеси аркылуу тарап кеткенин айтты.

Учурда Чүй ОИИББи тарабынан жалган маалыматтарды жайылткан адамдарды издөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asman779
2020-03-15 18:25:33
Эч нерсени билбей туруп суйлой беришет, элди дурболон кылып. Короновирус чыкса окмот эмнеге жашырмак эле, чыкса чыкты деп элди сактанууга чакырмак. Жашырганда эмне окмоттогулор башка планетада жашап атты беле. Ооруну жашырсан олум ашкере кылат.
+8
bond02
2020-03-15 18:36:37
Катуу эле жаза бергиле ушундай маалда жалган маалымат тараткандарга, элдер азыр озунун колокосунон озу коркуп турганда.
+8
jumaev0084
2020-03-15 18:41:20
Коркутканго
+6
Tyty1990
2020-03-15 19:02:57
Билбей көрбөй туруп күбөлүк бергендерге азап болсун деген пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам. Вирустан сактануу эң жакшысы бул даарат. Күнүнө беш маал. Иншаллах бизге келбейт
+7
Alichur
2020-03-15 20:55:15
Tyty1990,эң туура. Аллахым ар бирибизди өзү сактасын
+3
Dani
2020-03-15 21:18:35
Буларга каттуу жаза берилбесе токтобойт,Боло берет экен деп кийинкиси балп деп коет
+6
Kuban-1207
2020-03-16 10:14:15
Камаш керек
+1
erlanspb
2020-03-16 11:02:02
15 сутка бергиле камап койгула телефонун алып таштабыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан