Эртең президент коронавируска каршы күрөшүп жаткан ыктыярчылар менен жолугат

Эртең, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүп жаткан ыктыярчылар менен жолугат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент ыктыярчыларды "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кабыл алат жана алардын сунуштарын угат.

Ыктыярчы Айдана Оторбаева бул жолугушууга барышпай турганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Оторбаева алар саясаттан алыс экенин жазды. "Президентке, ошондой эле барыңарга айта турган сөзүм бар, бирок мен мунун маанисин көрбөй жатам. Эң жаман нерсе азыр болуп жатат. Эртеңки жолугушуунун мааниси жок жана натыйжасыз деп эсептейбиз", - деп жазды ыктыярчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан