"Элге бекер кызмат кылып жатканыма 1 айдай болуп калды. Бул аралыкта эң көп уктаганым 4 саат болду" дейт ыктыярчы медайым Алтынай Кариева (маек)

Дүйнө жүзүн каптаган аты жаман оору өлкөбүзгө дагы келип, жарандарыбыз жабыр тартууда. Дарыгерлер бейтаптардын баарын ооруканада алып калып, дарылоого чама-чаркы келбей турган чакта ыктыярчы медайымдардын, жалпы эле ак халатчандардын жардамы тоодой эмгек болду. Аларды бүгүнкү күндүн баатырлары десек да жарашат.

Оор кырдаалда өз өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү жаны тынбай иштеп жүргөн бир гана ыктыярчынын мисалында бардык ыктыярчылардын эмгегин көрүүгө, баалоого, ыраазы болууга болот эмеспи. SUPER.KG порталы учурда ыктыярчы медайым болуп иштеп жаткан Алтынай Кариева менен маек курду.

Алтынай Кариева 24 жашта. Менчик уюмдардын биринде балдар
психологу болуп иштейт. Биринчи билими боюнча фельдшер.
Медициналык колледжди аяктаган.
Мындан сырткары тез окуудан инструктор.

- Алтынай, саламатсызбы. Ыктыярчы болуп качантан бери иштеп жатасыз?

- Саламатчылык. Ыктыярчы болуп иштеп жатканыма азыр 3 аптадан өтүп баратат. Өзүм саат 18:00гө чейин балдар психологу болуп иштейм. Андан кийин кечки убакта, тагыраагы 18:00дөн кийин элге барып, дарыгерлердин көрсөтмөсү барларга тамчылатма дары коюп, укол сайып берип жатам. Албетте, акысыз.

- Учурда командаңызда канча адам бар?

- Командамда 3 адам бар. Айдоочу, жардамчы жана мен. Үчөөбүз иштеп жатабыз.

- Ыктыярдуу медайымдын бир күнү кандай өтөт?

- Эртең менен саат 8де турам. Андан соң 9га жумушума барам. 18:00гө чейин балдар психологу болуп иштейм. Жумуштан кийин коргоочу кийимдерди кийинип кетем. Чалууларга барабыз. Анан таңкы саат 4-5терде үйгө кайтам. Эң эрте дегенде түнкү 3кө чейин иштеп жатам.

- Учурдагы кырдаалда сизди ыраазы кылган жана нааразы кылган жагдайлар...

- Мени ыраазы кылган жагдайлар - бул деген биздин элдин батасы го. Ошондой эле бизде өтө боорукер, мекенчил адамдар көп экен. Жөнөкөй эле элден көп жардам көрүп жатабыз. Кайсы бири жылуу сөз айтса, кээ бир апалар батасын беришет. Кай бирлери тамак, кээ бири бизге атайын коргоочу костюмдарды алып келип беришет. Биз ынтымактуу болуп, ушул кырдаалда бөлүнбөй анан баарыбыз кошулуп алып иштеп жатканыбызга абдан сүйүнүп жатам.

Ал эми нааразы кылган жагдайлар - көпчүлүк учурда жарандар ооруну башталып келе жатканда байкабай өрчүтүп жиберип жатат. Ошондой эле көпчүлүгү өз алдынча туура эмес дарыланып киришет. Айрымдары дүрбөлөңгө алдырышууда. Өзүнчө эле эмне кылам деп чак-чалакейге түшүп, дарыгер жазбаган ар кайсы дарыны ичип, ошондон ооруну өрчүтүп жиберүүдө.

Менин байкашымча, адамдар деген сатып алуу мамилесине көнүп калышыптыр. Биз тамчылатма дарыны акысыз коёбуз дегенде алар түшүнүшпөйт. Эмнеге бекер деп, жаман нерсени күтүп калган учурлар дагы болуп жатат. Бирок биз ал нерсени жойгонго аракет кылып жатабыз.

- Бир күндө канча чалуу түшүп жатат жана канча бейтапка барууга жетишип жатасыздар?

- Башында бир күндө 2-3 миңге жакын чалуулар болуп жатты. Социалдык тармактардан Фейсбук, Инстаграм, Вотсаптан каттар өтө көп. Аларды санаган жокмун. Болжолдуу миңден ашуун.

Бир күндө эң көп дегенде 30-35 чалууга барып жатабыз. Бул жерде бейтаптын абалы дагы маанилүү болуп жатат. Эгер оор болуп калса, бир топ убакыт кетип калат. Орто эсеп менен бир бейтапка 20-30 мүнөттөй кетет.

- Өлкөбүздө эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган чакта күнү-түнү эл кызматында жүрөсүздөр. Бир суткада канча саат уктап жатасыз?

- Бир суткада 2-3 саат, эң көп уйкум канганы 4 саат уктап жатам. Кээ бир учурда уктабай калган күндөр дагы болууда. Анткени азыр элге ушундай жардам керек болуп жаткан кезде уйку деле жок болуп калат экен. Ошол уктагандын ордуна канча бейтапка жардам бере алам деп ойлоп жатам. Ошондо да өзүмдү карап, мен уктабай коюп, өзүм ооруп калсам кандай болот деп жок дегенде 2-3 саат уктайын деп, өзүмдү урушуп, уктаганга аракет кылып жатам.

- Чарчаган учуруңузда сизге дем-күч берген инсандар жөнүндө айтсаңыз.

- Чарчаган учурда командам дем берет. Абдан шайыр, жаркылдаган адамдардан куралган командам бар. Маанайы түшпөйт. Чарчасак дагы бири-бирибиз менен тамашалашып калабыз. Анан рахмат айтып, ыраазы болгон каттар өтө көп келет. Баталарын беришет. Ошолор бизди абдан шыктандырып турат. Бизге окшогон жаштардын иштеп жатканын, бейтаптар айыгып жатканын көргөндө мындан дагы көп иштейбиз деп күүлөнүп жатабыз. Мындан тышкары бизге жардам берген боорукер, мекенчил адамдар сөзсүз түрдө дем-күч беришет.

- Кыргыз элине кайрылууңуз...

- Айтарым, бул илдет дагы бүтөт. Өзүбүздү жакшылап карап, өздүк гигиенаны сактап, дарыгерлердин көрсөтмөсү жок эч кандай дарыларды ичпей, негативдүү маалыматтардан өзүбүздү алыстатсак. Маалыматты таразадан өткөрүп, позитивдүү ойлонолу.

Биз элибиздин кызматындабыз. Бардык эрежелерди так сактасак. Бет кап кийип, мүмкүнчүлүк болсо, сыртка чыкпай, башкалар менен контакт болбой туралы. Биринчиден өзүбүздү, анан башкаларды дагы ойлосок. Баарыбыз өзүбүзгө анан башкаларга дагы жоопкерчилик алып, иш жүзүндө аны аткарсак жакшы болмок.

- Маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Бекем ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zamir0506
2020-07-21 17:42:34
Молодцы. Жеп жутарларга караганда. Элге пайданар коп тийип жатат РАХМАТ!
+2
rola
2020-07-22 14:15:53
Азаматсынар.Бир суктанаарлык жан экенсин озун дагы.Кудайдан кайтсын жакшылыгынар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан