Чеченстан Республикасынын президенти Рамзан Кадыров Грозный шаарында дезинфекциялоо иштерине катышып, иш кандай жүрүп жатканын текшергенин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирген.
Кадыров белгилегендей, шаарды тазалоодон өткөрүп жаткан кызматка укук коргоо органдары жардамдашууда.
"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүшүнө жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча көмөк көрсөтүп жатышат. Иш-чарага катышкан ар бир жаран жоопкерчилик менен өз милдеттерин аткарууда. Биз пандемиянын чынжырын үзүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшап жатабыз. Жасалып жаткан чаралар эффективдүү болуп, вирустун жайылышына бөгөт коё алат деп ишенем. Бул максатты ишке ашыруу үчүн колдо бар бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана каражаттарды колдонууга даярбыз", - деген Рамзан Кадыров өз билдирүүсүндө.