Бишкектен башка аймакка кетчүлөр бүгүн түнкү саат он экиге чейин шаардан чыгып кетиши керек

Эртең, 25-марттан баштап саат 20:00дөн эртең мененки саат 07:00гө чейин Бишкек шаарында жашоочулардын, шаардын конокторунун көчөдө эркин жүрүшүнө тыюу салынды. Бул өлкө аймагына кирген өзгөчө абал режимине ылайык экендигин 24-мартта ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Орозалиев бүгүн түнкү саат 00:00гө чейин Бишкек шаарынан башка аймакка кетчүлөрдү шашылыш түрдө шаардан чыгып кетүүгө чакырды.

"Эгерде шаардан башка аймакка кетчүлөр болсо же баш калаа ичинде башка жайга барып жашаш керек болуп жаткандар болсо, түнкү саат 00:00гө чейин кетиши керек. Өзгөчө абал режиминде шаар ичинде жүрүүгө жарандарга да, транспортко да толук тыюу салынат", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
robot111
2020-03-24 14:28:54
Карантин киргизилгени эле жакшы болду.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан