Бишкек шаарында клексан дарысынын бир таңгагын 8 миң сомдон сатып жаткан дарыкана аныкталды

Бишкек шаарында клексан дарысын жогору баада сатып жаткан дарыкана пункту аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Финпол тарабынан Бишкектеги Москва көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын биринен контролдук сатып алуу жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө клексан препаратынын бир таңгагы 8 миң сомдон сатылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы маалымдалат.

Финпол азыркы кырдаалга байланыштуу бааны негизсиз көтөргөн дарыканалардын дареги менен андагы сатуучуларды ачык көрсөтүүгө мажбур экенин эскертет.

Аталган кызмат дары-дармектердин жогорулатылган баада сатылып жатканына күбө болгон жарандарга 1955 ишеним номуруна байланышып же receivefinpol.gov.kg@gmail.com. электрондук почтасына өз арыздарын жөнөтүп коюуну суранат.

Бишкек шаарында "Клексан" дарысынын бир таңгагын 8 миң сомдон сатып жаткан дарыкана аныкталды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sajakat14
2020-07-21 12:31:32
Элдин кайгы муңунан акча жасаган шумпайлар.
+5
Bakytbek88
2020-07-21 12:33:43
Сатычууда куноо жокко шефин карагыла и тапкыла
+9
Dolbooruwka
2020-07-21 15:38:37
эмне учун сатуучуда айып жок, билип коруп туруп озу эле милицияга айтса болмок, айрыкча ушундай оор кырдалда.
0
alym21
2020-07-21 19:45:56
Dolbooruwka,мумкун озу айткандыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан