Батыш Африкадагы Кот-д'Ивуар өлкөсүнүн эң ири шаарларынын бири Абижанда салынып жаткан медициналык борборду жергиликтүү тургундар тоноп кетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар борборду эч кандай шаймандарды колдонбостон эле курулуш материалдарды колдору менен жулуп, талап-тоноп кетишкен. Жашоочулар мындай кадамга бейтапкана алар жашаган үйлөргө өтө жакын жайгашкандыгынан улам барышкан.
Ал эми өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги бул медициналык борбор коронавирустан жабыркагандар үчүн салынып жаткандыгын четке каккан билдирүү таратышкан. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 323кө жеткен. Айыгып чыккандардын саны 42 болсо, 3 адам көз жумган.