"Кош бойлуулукта 12 аптага чейин коронавирус жугузуп алуу өтө кооптуу" дейт медицина илимдеринин доктору, дарыгер Арсен Аскеров (маек)

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 илдети күндөн-күнгө кулачын кенен жайып жаткан учуру. Бул аты жаман жугуштуу дарт Кыргыз өлкөсүнө дагы келип, жарандарыбыз жабыр тартууда. Ошондуктан коронавирус инфекциясы боюнча коомчулукта түрдүү суроолор жаралып жаткан кези. Бүгүн "Дарыгерге сөз" программасында кош бойлуулук кезинде коронавирус жана патология жөнүндө сөз болмокчу. Конокто Борбордук кыргыз медицина ассоциациясынын президенти, Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору, медицина илимдеринин доктору, дарыгер Арсен Аскеров.

- Саламатсызбы? Сиздин жумуш убактыңыз кандай өтүп жатат. Мурункуга салыштырмалуу жумуш оор болуп жатабы?

- Саламатчылык. Албетте, жумуш убактысы чоң жүктөмө менен өтүп жатат.

- Патологиялык кош бойлуулук деген эмне?

- Патологиялык кош бойлуулук - аялдарда физиологиялык нормалдуу гана кош бойлуу болбостон, патологиялык кош бойлуулук дагы болот. Башкача айтканда, кандайдыр бир оорунун татаалдыгын алып жүрүү менен кош бойлуулукту чогуу алып кетүү. Кээ бирлеринде өнөкөт оорулары болгондуктан, кош бойлуу учурунда абалын начарлатып жибериши мүмкүн. Дагы бир айта кетчү жагдай, кош бойлуу учурдан башка төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил дагы өтө жоопкерчиликти талап кылат.

- Кандайдыр бир мисал келтирсе болобу?

- Мисалы, анемия тууралуу көп айтылат. Мурун темирдин жетишсиздиги анемиясы жөнүндө айтып келчүбүз. Гемоглобиндин аздыгы.

- Коронавирус илдети кош бойлуулук учурунда патологиялык кош бойлуулуктун бир бөлүгү болуп калабы?

- Туура, коронавирус өзүнө өтө оор курч респиратордук вирустук инфекцияны камтыйт. Бирок акыркы клиникалык изилдөөлөргө караганда, тек гана респиратордук инфекцияга байланышат деп айтууга болбойт. Себеби ал бардык органдарды жабыркатууда. Ошону менен өтө коркунучтуу абадагы тамчы түрүндөгү вирустук инфекция.

- Сиздин пикириңизге караганда 90 пайыз кош бойлуу айымдарда коронавирустун жеңил, орто түрү өтүшү мүкүн. Ал эми 10 пайызы оор өткөрүп калышы мүмкүн дедиңиз. Бул 10 пайызында өнөкөт оорулары болгону үчүнбү?

- Ооба, өнөкөт гипертония, кант диабети, жүрөк оорусу жана башка оорулары барлар.

- Коронавирус инфекциясынын кош бойлууларда өзгөчө симптомдору болобу?

- Ооба, алардын өздүк медициналык китепчесин карап, алар менен баарлашууда өзгөчө белгилерди байкай алдым. Тактап айтканда, бул оорунун биринчи белгиси катары даам сезүү жоголсо, ал эми кош бойлууларда бул дароо байкалган эмес. Анда соң ковидде дем алууда көйгөйлөр жаралса, аларда бөйрөк, ашказанында көйгөйлөр жаралган. Катуу баш оору жана белгилүү маанайдын өзгөрүшүн байкай алдым.

- Эгерде патологиялык кош бойлуу аялдан коронавирус тастыкталса, кандай алгоритм керек болот?

- Учурдагы кырдаалга байланыштуу эгер жеңил формада болсо, дарыгердин көзөмөлүндө үйдөн дарыланса болот. Ал эми орто формада болсо, сөзсүз төрөт үйүнө барып, дарыланышы зарыл.

- Кош бойлуулуктун канчанчы аптасында коронавирусту жугузуп алуу өтө коркунучтуу болушу ыктымал?

- 12 аптага чейин өтө кооптуу болушу мүмкүн. Анткени бул мезгилде 7 аптага чейин аялдын организминде "органогенез" (түйүлдүктун өрчү мезгили) жүрөт. Бул учурда вирус аялдын органиминде кирсе, гипертермиялык реакция жүрөт. Ошондуктан бул мезгилде өтө катуу карантиндик чараларды колдонуу абзел.

- Түйүлдүктүн өсүшүнө коронавирус таасир тийгизеби?

- Жогоруда айткандай эрте мөнөттө таасир тийгизет. Ал эми кийинчерээк мөнөттө көп таасир бербейт.

- Коронавирус жугузуп алган, жаңы көз жарган эне эмчек эмизүүгө болобу?

- Коронавирус болуп, көз жарган аялдар коргоочу кийимдерди колдонушу керек. Анткени эне-бала түз контакт болот. Ошол эле учурда баланы эмизүүгө болот. Бирок коопсуздук чараларын көрүү менен.

- Кош бойлуулуктун 12-аптасында коронавирус менен ооруган адам менен байланышта болуп, бирок симптомдору байкалбаса, ПЦР-тест тапшыруу кажетпи?

- Бул жерде эки нерсеге көңүл буруу керек. Биринчиси тест ташырган күндө деле сизде симптомдору болбогон соң ынанымсыз. Экинчиси сиз балким, оорубайсыз. Тест тапшырууга барганда ал жактан жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондуктан сизге клиникадан үй-бүлөлүк дарыгер менен кеңешүүнү сунуштайм.

- Кош бойлуулар үчүн компьютердик томография, рентген залалдуубу?

- Албетте, зыяндуу. Биз буларды сунуштабайбыз. Эгерде диагностика үчүн керек болсо, томография жасоо керек. Бул жерде дагы сактык чаралары колдонулушу шарт. Атайын "свинцовый фартук" коргоочу фортук менен түшүү сыяктуу. Бул түйүлдүктү жакшы сактайт.

Кош бойлуулук кезинде коронавирус жана патология
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asel69
2020-07-21 19:12:26
Эмнеси болсо дагы Жараткан Тенирден бата тилек, жакшылыктар гана болуп турсун.
-1
Kyialkech
2020-07-21 20:39:36
12 неделге чейин бул оору менен ооруган болсо эмне кылыш керек? Мисалы 4недел болгондо оорудум. Алдырып керек болобу?
0
jasgul
2020-07-22 08:30:12
Kyialkech, менин синдим ооруган 7-8нед. Азыр 24-25 нед болуп калды. Скрининг и доплери да баары жакшы деп чыккан Кудайга шугур. Корко бербе 4 Нед ото эле кичине срок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан