Казакстандын Нур-Султан шаарында 7 бейтап коронавирустан сакайып чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бейтаптардын арасында 1927, 1933, 1944, 1955, 1961-жылкы аялдар жана 1978, 1984-жылкы эркектер бар.
Бейтаптардын эң улуусу 93 жашта, ал 7-апрелде ооруканага түшкөн. Оорудан сакайганына байланыштуу үйүнө чыгарылды.
Расмий маалыматтарга таянсак, Нур-Султан шаарында жалпы 433 адам вирус жуктуруп алган, алардын ичинен 207 бейтап айыгып чыккан.