Казакстанда акыркы суткада 335 жарандан коронавирус илдети аныкталып, ооругандардын жалпы саны 15 миң 877ге жетти. Ал эми бир күн аралыгында коронавирустан дарыланып жаткан 9 бейтап каза болду. Муну менен коңшу өлкөдө кайтыш болгондордун саны 97ге жетти.
Казак басылмаларынын маалыматы боюнча, коронавирус илдети менен күрөшүп жаткандардын ичинен 6 миң 831 жаранда оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат. 9 миң 902 бейтап коронавирус инфекциясын жеңип, ооруканадан чыгарылды.
Казакстанда акыркы эки сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун саны өсүп жатканын инфекционист Динагүл Баешева өлкөдөгү күчөтүлгөн карантин чараларынын алынышы менен байланыштырган.