Коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн киргизилип жаткан карантиндик чаралар вирустун жайылышын токтото албайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус брифингде айткан.
"Карантиндик чектөөлөр коронавирустун жайылышын толугу менен токтото албайт. Алар жөн гана инфекциянын жайылышын жайлатат", - деген ал.
Анын айтымында, вирустун жайылышына каршы күрөштүн негизги куралдарынын бири байланыштарды издөө, аныктоо жана изоляциялоо болуп саналат. Мындан тышкары ал эгер вирус кайда экенин билбесе, эч бир өлкө эпидемияны башкара албайт деп баса белгилеген.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 14 миллион 730 миң 716га жетти.