Бүгүн, 22-июль саат 10:00гө карата өлкө ичиндеги эпидемиологиялык абал кандай өзгөрдү? Бул суроого Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында жооп берди.
Акыркы суткада 1108 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталса, 984 бейтап ооруну жеңди делинип, үйлөрүнө чыгарылды. Сутка ичинде 44 жоготуу болду.
Бир суткада 50 медкызматкер ооруну жуктуруп алганы аныкталды.