Коңшу Казакстанда акыркы сутка ичинде 1 685 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, жаңы илдет аныкталган 1 685 адамдын 942си оорунун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 743ү вирустун симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон.
Казакстанда жалпы 75 миң 153 адам коронавирус илдети менен катталган. Алардын ичинен эң көп катталган аймактар:
Эпидемия башталгандан тарта аталган өлкөдө 43 миң 376 бейтап оорудан сакайган.