Бүгүнкү күндө өлкөбүздө COVID-19 илдетинен канчалаган жарандарыбыз жабыр тартууда. Ошондуктан коронавирус боюнча коомчулукта түрдүү суроолор жаралып жаткан учуру.
Айта кетсек, күн сайын "Дарыгерге сөз" программасында COVID-19 илдетине байланышкан суроолорго жооп алынууда. Бул жолу эфирде жаңы төрөлгөн ымыркайларды коронавирустан кантип коргош керек жана ымыркай ооруп калса эмне кылуу керектиги тууралуу сөз болмокчу. Конокто неонатолог-педиатр, дарыгер Зарина Агзамова.
- Алгачкы суроо. Жаңы төрөлгөн ымаркайга кантип туура кам көрүү керек?
- Биринчиден айтарым, жаңы төрөлгөн ымыркайга кам көрүүдө коркуунун кереги жок. Анткени анда болгон нерселердин баарын билип, көйгөйлөр жаралса чечүүнүн жолдору бар. Эгер сизге кандайдыр бир нерсе түшүнүксүз болуп жатса, интернеттен карасаңыз болот же адистер менен кеңешүү керек болот. Учурда жаш энелер үчүн мындай маалыматтар жеткиликтүү деп айта алам.
Экинчиден, белгилей кетчү жагдай, айына жетпей төрөлгөн ымыркайлар жетиштүү деңгээлде өзгөчө камкордукка муктаж. Аларга туура кам көрөм десеңиз температура режимин сактоо, туура "тамактандыруу" зарыл. Ымыркай кайсы учурда курсагы ачса, ошол учурда эмизүү абзел. Алсак, мурун кандайдыр бир убакытты 1 же 2 саат күтүү керек болсо. Учурда мындай нерсенин зарылдыгы жок.
- Жаңы төрөлгөн ымыркайлар 1-айында коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучу барбы?
- Эгер ымыркайдын апасы көп убакыт мурун коронавирус менен ооруп, анан ымыркай төрөлсө, анда ымыркай илдетти жугузуп алуу мүмкүндүгү жок. Эгер эне кош бойлуу кезинде же эмизүү учурунда COVID-19 менен ооруса, ымыркайга вирус жугуу коркунучу 50гө 50 пайыз.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу эне-бала тыгыз байланышта болгондуктан, өздүк гигиена эрежелерин так сактоо зарыл. Эмизип жаткан учурда бет кап тагынып, колду бат-баттан самындап жууп туруу кажет.
- Наристени обочолонтууга болобу?
- Ымыркайды обочолонтууга болот, бирок толук түрдө эмес. Анткени аны эмизүү керек болгондуктан.
- Жатын ичинде ымыркайга коронавирус жукпашы далилденгенби?
- Ооба, жатын ичинде ымыркайга вирус жукпайт. Биз билебиз вирус - бул абадагы тамчы сымал вирустук инфекция. Байланыш болгон учурда жугат.
- Ымыркайга биринчи айда коронавирустан башка дагы кайсы респиратордук оорулар коркунучтуу?
- Эгер эне ымыркайга толук түрдө көңүл бөлбөсө, өздүк гигиенаны сактабаса, ымыркайда башка оорулар пайда болушу ыктымал. Мисалы, омфалит (жаңы төрөлгөн баланын киндик жарасында жана тери алдындагы ткандардын сезгениши) сыяктуу оорулар.
- Өлкөбүздө жаңы төрөлгөн ымыркайлардан коронавирус илдети менен катталгандар барбы?
- Ооба, бар. Кээ бир ымыркайлар кандайдыр бир оорулар: жүрөк кемтиги, нерв системи оорулары менен төрөлгөндөр бар. Мындай учурда коронавирус абалды татаалдаштырып жибериши ыктымал. Болгону өз убагында дарыгерге кайрылуу кажет. Ал эми башка учурда менин да наристем ооруп калышы мүмкүн деп коркуунун кажети жок. Болгону эрежелерди туура аткарабыз.
- Ымыркайларда коронавирус илдети болсо, кандай дарылануу зарыл?
- Диагностика кандай коюлганына жараша. Эгер ымыркайда жүрөк кемтиги, нерв системинин оорулары жок болсо, антибактериалдык терапияга кошулат. Дарылоо протоколго жараша жүргүзүлөт.
- Ымыркай коронавирус менен ооруп жатса, андан башкаларга оору жугушу мүмкүнбү?
- Ооба, жугушу мүмкүн. Анткени - бул вирустук инфекция. Баарыбызга белгилүү болгондой, вирус контакт аркылуу жугат. Бул жерде дагы бир белгилеп айтып кетчү нерсе, эгер кимдин иммунитети күчтүү болсо, ооруну жугузуп алуу коркунучу азыраак.
- Учурдагы кырдаалды эске алып, эмдөөдөн баш тартуу керекпи же өз убагында жасоо зарылбы?
- Азыркы кырдаалга байланыштуу календарь боюнча эмдөөнү убактылуу токтоттук. Абал турукташканда кайрадан наристелерди эмдөөнү баштайбыз. Менимче, эмдөөдөн толук баш тартуунун кажети жок.
- Ал эми бизде эмдөөдөн баш тарткандар көппү?
- Өзүмдүн практикамда эмдөөдөн толук баш тарткан энелерди көп көрөм. Мунун себептери дагы ар түрдүү. Мисалы, бири динге ишенгендиктен болсо, кай бири сыналгыдагы берүүлөрдү көрүп баш тартышат.
Айтарым, эң биринчи наристенин ден соолугун ойлоо керек. Себеби бул сиздин балаңыздын ден соолугу үчүн. Биз эмдөө аласың деп мажбурлай албайбыз. Бул наристеге керектүү.
- 3 айлык ымыркайдын тести симптому жок коронавирус бар экенин көрсөтсө, ымыркайдын мындан кийинки ден соолугуна кооптуулук барбы?
- Жок, анын ден соолугунда кооптуулук жаралбайт. Сипмтому жок өтүп жатса, анын иммунитети жетиштүү деңгээлде. Болгону ымыркайга туура кам көрүү зарыл.