Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооруган бейтаптардын 70 пайызында индиялык дельта штаммы катталып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымына ылайык, азыркы учурда эң эле коркунучтуусу нигерия мутация болгон түрү чыкты. Бул дельта штаммдарына салыштырмалуу абдан агрессивдүү экен.
"Ошого дагы биз даярбыз. Экинчиден азыркы кезде 3 жарым миллионго чукул, тагыраагы 3 миллион 50 миң вакцинаны алдык. Учурда биз бир жарым миллион доза вакцина менен калкты эмдөөдөн өткөрдүк.
Биринчи доза менен 38 пайыз калк эмдөө алды. Экинчи дозасы менен 28 пайызы алды", - деди Бейшеналиев.
Ошондой эле коронавирус илдетинен дарылануу үчүн бардык стационарларда дары-дармектер, ИВЛ аппараттары даяр экендигин кошумчалап өттү.
"Былтыр оору күчөп жаткан чакта эл жеке унаалары менен бейтаптарды ташыган болсо, азыркы учурда аймактарда "Тез жардам" унаалары менен 95 пайыз камсыз болду. Бизде коронавирустун 4-толкуну ноябрдын аягы декабрдын башында болот деп жатат. Төртүнчү толкунду жеңил өтүп кетебиз", - деп кошумчалады министр.