Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 862 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 165 адам каза болсо, 9 миң 669 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 638;
Свердлов облусунда - 234;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 221;
Нижегород облусунда - 217 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 789 миң 190 адамдан коронавирус аныкталды. 12 миң 745 адам каза болсо, 572 миң 53 бейтап айыгып чыкты.