Казакстандын Актөбө шаарында коронавирус жуктуруп алган кош бойлуу аял пневмониядан жана дем алуунун жетишсиздигинен улам каза болду. Бул тууралуу Актөбө облусунун акиминин кеңешчиси Асет Калиев онлайн брифинг учурунда айтканын жергиликтүү басылмалар жазышкан.
"Коронавирустун айынан кечээ жугуштуу оорулар ооруканасында кош бойлуу аял каза болду. Ал коронавирус инфекциясынан улам жаралган пневмониядан жана дем алуунун жетишсиздигинен каза болду", - деген Калиев.
Казакстанда коронавирус инфекциясынын айынан жалпы 183 адам каза болду.