Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 5 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаары – 3 (кызыл зонадан 1)
Чүй облусунда – 1 (кызыл зонадан 1)
Ош облусунда – 1
Ал эми бир суткада үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4080 учур катталды, алардын ичинен 3850 медкызматкер сакайды.